Фахреттин Алтун: «НАТО жаңылануусу керек»

Алтун НАТОнун лидерлер саммитине байланыштуу макаласын жарыялады.

1321623
Фахреттин Алтун: «НАТО жаңылануусу керек»

 

Коомуникация башчысы Фахреттин Алтун, начарлаган жана өзүн жаңылабаган НАТОнун дүйнөлүк тынчтыкка, Европага же Жакынкы Чыгышка кандайдыр бир салым кошо албай турганын билдирди.

Алтун, микро-блог платформасы Medium баракчасынан Англиянын борбор шаары Лондондо өткөрүлгөн НАТОнун лидерлер саммитине байланыштуу «Саммиттен кийин: НАТО кайда барат?» темалуу макаласын жарыялады.

Айрым өлкөлөрдүн көптөн бери Түркиянын НАТОдогу абалын талкууга алып келе жатканына көңүл бурган Алтун: «НАТО өзүн жаңылабаса, дүйнөнүн тынчтыгына салым кошо албайт»,-деди.

Түркиянын ар дайым шериктештик рухуна ылайыктуу иш алып барганын бирок анын жообун көрө албаганын белгилеген Алтун: «НАТОго мүчө өлкөлөр тилекке каршы Түркиянын террор менен күрөшүүсүнө жетиштүү колдоо көрсөткөн жок. Сириянын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге ачык колдоо көрсөтүлдү, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) мүчөлөрүнө кучак жайылды. Түркиянын ДЕАШ менен күрөшүүсү көрмөксөнгө салынды. Ал эмес айрым өлкөлөрдүн лидерлери, Түркияга кол салууну жана өлкөбүзгө негизсиз айтымдарды айтууну саясатка айландырышты»,-деди.

Коммуникация башчысы Алтун, НАТОдогу экинчи чоң кургактык күчүн камтыган Түркиянын шериктештик үчүн стратегиялык мааниде экенин эске салып, НАТОнун жаңы стратегияларды түзүүсү керектигин баса белгиледи.

Алтун: «НАТО келишиминдеги беренелер каралып чыгышы керек жана керек болсо жаңылануусу зарыл. Лондон саммити Түркиянын сунуштарынын негизинде НАТОнун жаңылануусуна алып келет деп ойлойм. Начарлаган жана өзүн жаңылабаган НАТО дүйнөлүк тынчтыкка дагы, Европага дагы, Жакынкы Чыгышка дагы кандайдыр бир салым кошо албайт»,-деп сереп салды.

 



Тектеш кабарлар