Түркия адам укуктарынын бузулушуна каршы күрөшүп келет

Министр Чавушоглу 10-декабрь Адам укуктары күнүнөн улам өз билдирүүсүн жарыялады.

1321035
Түркия адам укуктарынын бузулушуна каршы күрөшүп келет

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, демократиянын зарылчылыгы жана адам укуктарынын ааламдык принциптеринин, Түркиянын гуманитардык жана демилгечи тышкы саясатынын негизги элементтеринин арасында орун алганын белгиледи.

Министр Чавушоглу 10-декабрь Адам укуктары күнүнөн улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Чавушоглу билдирүүсүндө, эң негизги адам укугу болгон жашоо укугун мыкаачылык менен бузган көптөгөн террордук уюмдарга каршы Түркия өз күрөшүүсүн улантып жатканда мыйзамдын үстөмдүгү принцибине, демократиялык баалуулуктарга жана эл аралык милдеттерине дайыма ишенимдүү жана эл аралык уюмдар менен иштиктүү кызматташтыгын ар дайым жогору койгонун билдирди.

Адам укуктары менен сот тармагында ишке ашырылган реформалардын, улуттун негизги укук жана эркиндиктерден натыйжалуу пайдалана алуусун камсыздаганын баса белгилеген Чавушоглу: «Адам укуктарына урмат-сый көрсөтүү, түптүү мамлекеттик маданиятыбыздын, жылдар бою уланып келген толеранттуулук түшүнүгүбүздүн жана «Өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» философиясынын негизинде түзүлгөн тышкы саясатыбыздын табигый натыйжасы болуп саналат»,-деди.

Түркиянын дүйнөнүн ар бир бурчунда болуп жаткан адамзаттык трагедияларга каршы кыйналгандарга колдоо көрсөтүп дайыма чечкиндүү мамиле көрсөткөнүн белгилеген Чавушоглу, дүйнөдө тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалуусу үчүн мамлекеттердин жекече аракеттеринин жетиштүү болбогонуна көңүл бурду.

Чавушоглу эл аралык коомчулуктун, бүтүндөй адам баласынын тынчтык жана ырааттуулугу үчүн жалпы жоопкерчилик түшүнүгү менен кыймыл кылуусу керектигин баса белгиледи.

Түркиянын тарых бою зулумдуктан качкандарга жардам көрсөтүп келгенин эске салган Чавушоглу, өлкөнүн бүгүнкү күндө дагы дүйнөдө эң көп качкынды кабыл алган өлкө экенин айтты.

 



Тектеш кабарлар