Мевлүт Чавушоглу Европа Кеңешинен бейтарап мамиле кылышын күтүшкөндөрүн айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа Кеңешинен бейтарап  жана конструктивдүү мамиле кылышын күтүшкөндөрүн айтты.

1320221
Мевлүт Чавушоглу Европа Кеңешинен бейтарап мамиле кылышын күтүшкөндөрүн айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа Кеңешинен бейтарап  жана конструктивдүү мамиле кылышын күтүшкөндөрүн айтты.

Чавушоглу  Стамбулда уюштурулган Адам Укуктары Кыймыл Планынын ишке ашырылышын жана отчет берилишин колдоо долбоорунун ачылуу конференциясында сүйлөгөн сөзүндө Түркия да куруучу мүчө болгон Европа Кеңешинен маанилүү жыйынтыктардын чыккандыгын жана карым  - катнаштардын бири бирине карата пайдасына таянуу менен  күн өткөн сайын дагы да күчтөнгөндүгүн белгиледи.

Акыркы 20 жылда Европа Кеңешинин стандарттары жана Европа Биримдигинен алынган маалымат менен шайкеш келген 2 миңден ашуун мыйзам чыгарышкандарын эске салган Чавушоглу Европа Кеңешинен алынган колдоону мындан кийин да көрүүнү каалашкандарын айтты.  

Сындарга ар дайым ачык экендерин айткан Чавушоглу : «Эң башта парламентардык канат жана Европа Кеңешинин да саясий себептерден алыс, бейтарап жана конструктивдүү мамиледе болушун күтүп жатабыз. Ошол эле учурда Европа Кеңешинин жогорулаган популизм, бөлүүчүлүк, чет элдик душмандыгы жана исламга каршылык сыяктуу орток баалуулуктарга каршы башталган актуалдуу маселелерге каршылык көрсөтүү тууралуу аракеттерди да күчтөндүрүшүн күтүп жатабыз»,- деди.  

Министр Чавушоглу Түркиянын Европа Кеңешин дагы күчтөндүрүү, орток баалуулуктарды сактап алдыңкы деңгээлге алып баруу үчүн салым кошууну улантарын билдирди.



Тектеш кабарлар