Эрдоган:«Батыш тектүү мазмундардын жайылтылышына каршы даяр турушубуз керек»

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стамбулда Ислам Кызматташтык Уюмунун Социалдык иштер боюнча министрлеринин отурумунда сөз сүйлөдү.

1320246
Эрдоган:«Батыш тектүү мазмундардын жайылтылышына каршы даяр турушубуз керек»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Израилдин оройлугунун кээ бир араб өлкөлөрү тарабынан шыктандырылганын айтты.

Эрдоган, Стамбулда Ислам Кызматташтык Уюмунун Социалдык иштер боюнча министрлеринин отурумунда сөз сүйлөдү.

Сөзүндө ар түрдүү себептер менен өз ичине жабылган Ислам өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана энергияларын бекер каржылаганын, Түркиянын Кудс жана Палестинадагы зулумдук темасында жалгыз калганын айткан Эрдоган, Израилдин оройлгу батыш өлкөлөрү жана кээ бир араб өлкөлөрү тарабынан кадимкидей шыктандырылганын белгилеп өттү.

Ислам өлкөлөрүн бөл, майдала, жут түшүнүгү менен империалисттик түшүнүк жолун улантканына белги берген Эрдоган: «Батыш тектүү коркутууларга каршы балдарды, аялдарды, картаңдарды, майыптарды канчалык жакшы коргосок үй-бүлө түзүлүшүбүздү ошончолук коргогон болобуз. Байланыш шаймандарынын Батыш тектүү мазмундарынын жайылтылышы менен келип чыккан эрозияга каршы даяр турушубуз керек. Чек араларыбызды коргоп жатканда, аң-сезимдерибиздин багындырылып алынышына жол ача турган ар түрдүү боштукту, ар түрдүү жараканы ылдам түрдө толтурушубуз керек»,-деп айтты.

Түркиядагы болуп жаткандар менен бирге аймактагы 9 миллион кишиге жеткен потенциалдуу баш калкалоочунун жүгүн көтөрүүгө эч кимдин даай албаганын белгилеген Эрдоган, Түркиянын жаңы отурукташуу жерлери боюнча долбоорлоруна берки өлкөлөрдүн дагы акыры барып колдоо көрсөтө тургандарын айтты.

Сөзүндө Ислам менен террорду жанаштыруу аракетинде болгон Франциянын президенти Эммануэль Макронго каршылык көрсөткөн Эрдоган, Исламдын сөз түшүнүгүнүн тынчтык болгонун эске салды.

Франциядагы иш таштоолорго токтолгон Эрдоган: «Парижде сары кемселчендер чыкты, кана эми чеч көрөлү, токтот көрөлү. Эмнеге токтото албай жатасың?»-деди.



Тектеш кабарлар