Эрдоган Стамбулда Эди Раманы кабыл алды
Стамбулдагы Долмабахче жумуш кеңсесиндеги кабыл алуу жабык эшик артында 1,5 саатка созулду.
1319640
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Албаниянын премьер-министри Эди Раманы кабыл алды.
Стамбулдагы Долмабахче жумуш кеңсесиндеги кабыл алуу жабык эшик артында 1,5 саатка созулду.
Жолугушууда бир канча күн мурда Албанияда болгон 6,4 баллдык жер титирөө да күн тартипке келди.
Президент Эрдоган, жер титирөөдөн кийин Албанияга 500 турак үй куруп берүү чечимин чыгаргандарын жарыялаган.
Конок премьер-министр, Ислам Кызматташтык Уюмунун жогорку деңгээлдеги мамлекеттик жана жеке менчик секторунун инвестиция конференциясына катышуу үчүн Стамбулга келди.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.