Президент Р. Т. Эрдоган Британияда Кембридж мечитинин ачылышына катышты

Кембридж мечити президент Р. Т. Эрдоган катышкан азем менен ачылды.

1318753
Президент Р. Т. Эрдоган Британияда Кембридж мечитинин ачылышына катышты

 Британиянын Кембридж  шаарында курулган жана Европанын биринчи экология досу мечит болгон Кембридж мечити президент Р. Т. Эрдоган катышкан азем менен ачылды.

Эрдоган 10 жылдык аракеттин натыйжасы болгон Кембридж мечитинин түрк тектүү жарандар жана тектеш, Бириккен Королдукта жашаган бардык мусулмандар үчүн пайдалуу болушун каалады.

Мааниси тынчтык болгон бир диндин атынын террор сөзү менен жанаша айтылышынын жаңылыштыгына токтолгон Эрдоганбуларды белгиледи : «Террор менен ислам сөздөрүн бирдикте айта албайсыңар. Эгерде муну уланта турган болсоңор биз да аларды наалаттайбыз. Бирок исламдын ичинен же мусулмандардын арасынан бир террорист чыкты деп исламды күнөөлөй албайсыңар. Исламга террор дей албайсыңар. Президенти болгон өлкөм Түркия азыркы учурда ДЕАШка каршы эң көп күрөшкөн өлкө».

Күнөөсүз кишилерди бутага алган бардык кыймылдарды четке кагуу жана аларга каршы чыгуу мажбурдуулугунда экендерин айткан Эрдоган тарыхый шектенүүлөрдү бир тарапка таштап жек көрүү кылмыштарына каршы бирдикте күрөшүү керектигин баса белгиледи.

Президент батыштык саясат жана медиа мекемелеринен мусулмандарды же башка ишенгендерди башкалаштыра турган, четке кага турган, күнөөлөй турган сөздөрдөн алыс турууларын суранды.

Мечит долбооруна жол башчылык кылган, дүйнөгө белгилүү өнөрпоз Юсуф Ислам болсо ачылууда сүйлөгөн сөзүндө мыкты бир учурдун жашалгандыгын белгилеп 42 жыл мурда өзүнүн да Лондондо жаңы курулган бир мечитке кирип мусулман болгондугун айтты.

Долбоордо ислам дининин эстетикасы, өнөр түшүнүгү, Азырети Пайгамбардын турмуш стили жана табиятты коргоого берген мааниси негиз кылып алынды.



Тектеш кабарлар