Эрдоган:«Террордун жанына сыпат катары Исламды койгондорго наалат айтамын»

Эрдоган НАТОнун Лидерлер саммити үчүн барган Англиянын борбор шаары Лондондо түрк жарандары жана мусулман коомчулугу менен жолукту.

1317979
Эрдоган:«Террордун жанына сыпат катары Исламды койгондорго наалат айтамын»
erdogan.jpg
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Террордун жанына сыпат катары Исламды койгондорго наалат айтамын»,-деди.

Эрдоган НАТОнун Лидерлер саммити үчүн барган Англиянын борбор шаары Лондондо түрк жарандары жана мусулман коомчулугу менен жолукту.

Бул жерде сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Бул жерден сиздер аркылуу жүрөктөрү биз менен соккон азиялык, африкалык, түркстандык, кашмирлик, аракандык, йемендк, ливиялык, сириялык эзилген калкка саламдардымды жолдоймун. Алгачкы кыбылабыз Кудсту жанын аябай коргогон палестиналык туугандарыма ошондой эле сүйүүмдү жолдоймун»,-деп айтты.

Түркиянын ишеничтүү колдордо, коопсуз, тынчтык жана бакубаттык ичинде экенинен кеп салган Эрдоган: «Бүгүнкү күндө 17 жыл мурдагыга караганда абдан күчтүү Түркия бар. Бүгүнкү күндө үстүндө оюн ойнолгон эмес, аймагында оюн курган, оюнду бузган чечкиндүү Түркия бар. Бүгүнкү күндө бир канча миллиард доллар үчүн алаканын жайган эмес, дүйнөдө улуттук киреше жагынан алганда эң көп гуманитардык жардам берген жоомарт өлкө бар. Бүгүнкү күндө 2002-жылга караганда экономикасын 3,5 эсе өстүргөн, киши башына түшкөн улуттук кирешесин 3 миң 500 доллардан 9 миң 700 долларга көтөргөн, экспорт көрсөткүчтөрүндө жыл сайын рекорддорду багындырган Түркия бар. Бүгүнкү күндө эки тараптуу жолдор, көпүрөлөр, ылдам жүрүүчү поезд жолдору, тоннелдер, кесилиштер, бурулуштар менен, дүйнөнүн алдыңкы үч тизмесинде орун алган эң чоң аэропорту, Азияны Европага кошкон жаңы дугалары менен транспорт базисин бүтүргөн Түркия бар. Бүгүнкү күндө Эгейде, Кара деңизде, Чыгыш Жер Ортолук деңизде укуктарын жактаган, кызыкчылыктарын коргогон, флоту күчтүү Түркия бар. Бүгүнкү күндө өзүнө баш калкалаган 4 миллиондон ашуун эзилген жана муктажга кучак жайган, аларды коргогон Түркия бар»,-деп айтты.

Исламдын «тынчтык» түшүнүгүн берген арапча «силм» сөзүнөн келип чыкканын эске салган Режеп Таййип Эрдоган: «Ислам-тынчтык дини болуп эсептелет. Тынчтык дини болгон динибизге эч качан террорду жанаштыра албайсыздар жана террордун жанына сыпат катары Исламды кое албайсыздар. Бул сүйлөмдү колдонгондор кечирип коюшсун мен наалат айтамын. Булардан муну сураш керек; Жаңы Зеландияда (март айында) 51 мусулманды намаз окуп жатканда шейит кылгандар ким эле? Христиан. Биз христиан террорист деп жатабызбы? Ушундай нерсени колдондукпу? Колдонгон жокпуз, колдонбойбуз дагы. Эмне үчүн? Биздин динибиз Ислам буга уруксат бербейт. Эң оболу диндерибиздин ортосундагы карым-катнаштардын кантип жараша турганын сүйлөшөлү. Тилкке каршы дүйнөдө ушул убакта дагы деле абройлуу өлкөлөрдүн абройсуз айрым лидерлери «Ислам террор» сөзүн колдонууда. Бул болбошу керек. Муну кабыл алышыбыз мүмкүн эмес. Эки тараптуу жолугушууларыбызда да «Мындай сүйлөмдөрдү колдонбогула. Сиз бизди жаралап жатасыздар»,-деп көп жолу айттык, айтуудабыз»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар