Эрдоган лидерлерге китеп тапшырды

Китеп түрк, англис, француз жана немис тилдеринде даярдалган.

1317231
Эрдоган лидерлерге китеп тапшырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Англиянын борбор калаасы Лондондо өткөрүлгөн Сирия темалуу Төрттүк саммитте лидерлерге «Стратегиялык шериктештиктин күчтүү мүчөсү Түркия» аттуу китепти тапшырды.

Эрдоган Коммуникация башкармалыгы тарабынан түрк, англис, француз жана немис тилдеринде даярдалган китепти Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Англиянын премьер-министри Борис Жонсонго берди.

Китепте НАТОнун мүчөсү Түркиянын шериктештикке кошкон салымдары жана милдеттенген кызматтары жөнүндө кеңири маалымат камтылды.

Түркиянын жана берки өлкөлөрдүн НАТОго болгон көз караштары жазылган китепте, Түркиянын НАТОдон күтүүлөрүнө карата бир бөлүм да орун алды. Бул бөлүмдө терроризмге каршы биргелеше күрөшүү жана Түркиянын коргонуусуна НАТОнун салымдарынын улантылышынын күтүлгөндүгү баса белгиленди.

Түркиянын НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коопсуз аймак түзүүгө карата салым кошоорун күткөндүгү да бул бөлүмдө сөз кылынды.

«Стратегиялык шериктештиктин күчтүү мүчөсү Түркия» аттуу китеп менен бирге буга чейин Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган «Түркиянын террор менен күрөшүүсү» жана «Сирияда жаңы жашоо» аттуу китептер да Лидерлер саммитинде жана эки тараптуу жолугушуулар убагында лидерлерге берилет.

«Түркиянын террор менен күрөшүүсү» китеби, президент Эрдогандын өткөн айда АКШга жасаган сапарында президент Дональд Трамп жана делегациясына да тапшырылган болчу.



Тектеш кабарлар