«Тынчтык булагы» операциясы менен террордон тазаланган Тель Абядда фирма азем менен ачылды

Ишкер Ель Хашими Тель Абяд менен Расулайнда турмуштун калыбына келгендигин жана көп сандаган үй- бүлөнүн өз үйлөрүнө жайгашкандыгын эске салды.

1316704
«Тынчтык булагы» операциясы менен террордон тазаланган Тель Абядда фирма азем менен ачылды

«Тынчтык булагы» операциясы менен ЙПГ/ПКК террордук уюмунан тазаланган Сириянын Тель Абяд аймагында соода иштеринин өнүгүшүнө шарт түзө турган биринчи фирма азем менен ачылды. Шанлыурфа губернаторлугунан берилген маалыматта губернатор Абдуллах Эрин жана коштоосундагы делегация Тель Абяддагы биринчи фирманы ачты.

Губернатор Эрин Акчакале бажы капкасынын маңдайындагы чек арада сириялык ишкер Хашим Эбу Хашим курган Ель Хашими жалпы соода экспорт – импорт компаниясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Тель Абяд менен Расулайнда турмуштун калыбына келгендигин жана көп сандаган үй- бүлөнүн өз үйлөрүнө жайгашкандыгын эске салды.

Сирия менен Түркиянын ортосунда соода карым- катнаштарынын кайрадан жандануусунун пландалгандыгын билдирген Эрин буларды белгиледи : «Болгон жарандык согуш жана террордук уюмдун басып алышы менен эки өлкөнүн ортосунда токтогон соода карым- катнаштары, бажы капкасында жасала турган түзөтүүлөрдөн кийин кайрадан башталат. Бул сыяктуу ишканалар дасоодага салымын кошот. Тель Абяд жана Расулайн рйондорунда саламаттык сактоо боюнча тейлөө башталды. Алдыбыздагы процессте айыл- чарба жана соода темаларына карата иштердин турмушка ашырылышы пландалууда».

Сириялык ишкер Ель Хашимини демилгесинен улам куттуктаган губернатор Эрин фирманын эки өлкөгө да пайдалуу болушун каалады.

 



Тектеш кабарлар