Чавушоглу ЕБнин жаңы комиссары менен сүйлөштү

Министр Чавушоглу Оливер Вархели менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1316527
Чавушоглу ЕБнин жаңы комиссары менен сүйлөштү

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа Биримдигинин кеңейүү боюнча жооптуу комиссары Оливер Вархели менен сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, министр Чавушоглу Европа Биримдигинин комиссары Вархели менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Урсула фон дер Лайендин жетекчилигиндеги Европа Комиссиясы, Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясында 27-ноябрда ишеним добушун алды жана 1-декабрь жекшемби күнү ишин баштады.

Урсула фон дер Лайендин комиссиясы 2024-жылдын 31-октябрына чейин кызмат кылат.

Жаңы комиссияда, Түркияны да жакындан кызыктырган кеңейүүдөн жооптуу Европа Комиссарлыгы кызматын венгер мүчө Оливер Вархели милдеттенди.



Тектеш кабарлар