Түркия НАТОнун идеалдарына ишенет

Фахреттин Алтун, саммиттин алдында Түркиянын НАТОдогу миссиясына көңүл бурду.

1315900
Түркия НАТОнун идеалдарына ишенет

Коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, Түркиянын Түндүк Анлантика келишими уюмунун (НАТО) идеалдарына жана уланып жаткан миссияларына ишенгенин белгиледи.

НАТОнун саммити Англиянын баш калаасы Лондондо эртең өткөрүлөт. НАТОнун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы белгилене турган бул саммитке президент Режеп Таййип Эрдоган да катышат.

Президенттик аппараттын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун саммиттин алдында Түркиянын НАТОдогу миссиясына көңүл бурду.

Фахреттин Алтун Твиттер баракчасынан берген маалыматында: «Түркия 70 жылга жакын убакыттан бери Батыш үчүн баш тартылгыс шериктеш болуп келди жана шериктеш болууну улантып жатат. Түркия 1952-жылы НАТОго кошулган жана уюмдун коопсуздугу үчүн көптөгөн жылдардан бери дүйнөдөгү бир катар орчундуу миссияда кызмат кылып келе жатат»,-деген сөздөргө орун берди.

Алтун Түркиянын керек болсо суук согуш мезгилинде, керек болсо андан кийин НАТОдо күчтүү роль ойногонун баса белгиледи.

«НАТОнун идеалдарына жана уланып жаткан миссияларына ишенебиз»,-деп айткан Алтун, жалпы коопсуз жана келечек жагынан уюмдун милдеттенген ролунунун күчтүү түрдө талкууланышы керектигине токтолду.



Тектеш кабарлар