Кытайдын Түркиядагы эки маданий чыгармасы тапшырылды

Түркияда экендиги такталган Кытайга таандык эки тарыхый чыгарма өлкөсүнө тапшырылды.

1314752
Кытайдын Түркиядагы эки маданий чыгармасы тапшырылды

Түркияда экендиги такталган Кытайга таандык эки тарыхый чыгарма өлкөсүнө тапшырылды.

Британия жараны бир кишинин кайрылуусу менен  эки тарыхый чыгарма өлкөсүнө тапшырылды.

Британия жараны каза болгон энесине таандык деген негиз менен Мугла облусунун Фетхийе музейиндеги эки чыгарманы талап кылды. Түркия бул талап боюнча Кытай Эл Респуликасы менен байланышка өттү.  Жазышуулардын натыйжасында чыгармалардын мыйзам тышы жолдор менен өлкөдөн чыгарылгандыгы аныкталды.

Кайрылууну жасаган киши менен да байланышка өтүлүп,  чыгармалардын таандык болгон өлкөгө кайтарылып берилишине чечим чыгарылды.

Борбор шаар Анкарада  чыгармалардын Кытай Эл Республикасынын жетекчилерине тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн маданият жана туризм министри Нури Эрсой археологиялык чыгармалар тууралуу этият мамиле кылынуусу керектигин айтты.

Элчи Денг Ли болсо Кытай менен Түркиянын ортосунда маданий байлыктардын сакталышы тууралуу көптөгөн жылдардан бери кызматташуунун түзүлгөндүгүн билдирди.

Кытайга тапшырылган маданий байлыктардын Түркия менен Кытайдын ортосундагы ийгиликтүү кызматташуунун белгиси экендигине көңүлдөрдү бурган элчи Ли : «Түркияга чыгармаларыбызды өлкөбүзгө тапшыруу тууралуу  иштери үчүн ыракмат айтамын»,- деди.

 



Тектеш кабарлар