Эрдогандын Сарражды кабыл алуусунда маанилүү меморандумдарга кол коюлду

Президент Эрдоган, Ливиянын Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн президенттик кеңешинин төрагасы Файез Аль Сарраж менен Стамбулда жолукту.

1313955
Эрдогандын Сарражды кабыл алуусунда маанилүү меморандумдарга кол коюлду

Түркия менен Ливия Чыгыш Жер Ортолук деңизде маанилүү кадамды таштады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Ливиянын Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн президенттик кеңешинин төрагасы Файез Аль Сарражды кабыл алуусунда эки өлкөнүн ортосундагы «Деңиздеги ыйгарым укук тармактарынын чектелиши тууралуу макулдашуу меморандумуна» кол коюлду.

Президент Эрдоган, Ливиянын Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн президенттик кеңешинин төрагасы Файез Аль Сарраж менен Стамбулда жолукту.

Долмабахче кеңсесиндеги жолугушууда эки маанилүү макулдашуу меморандумуна кол коюлду.

Алгачкы меморандум Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу болду.

«Деңиздеги ыйгарым укук тармактарынын чектелиши тууралуу макулдашуу меморандуму» эки өлкөнүн деңиз суу жээктериндеги өзгөчө экономикалык зоналарын таануусу түшүнүгүн берет.

Берки меморандум болсо «Коопсуздук жана аскердик кызматташтык» тууралуу болду.

Бул меморандумда Ливиянын коопсуздук күчтөрүнүн билим алуусунун максаталганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар