Чавушоглу:«Макрон террордун колдоочусу»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) журналисттердин суроолоруна жооп берген Мевлүт Чавушоглу, Эммануэль Макрондун билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

1314369
Чавушоглу:«Макрон террордун колдоочусу»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Франциянын президенти Эммануэль Макрон террордун колдоочусу болгонун айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) журналисттердин суроолоруна жооп берген Мевлүт Чавушоглу, Эммануэль Макрондун билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

Чавушоглу, Түркиянын Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ жана ДЕАШка каршы жүргүзгөн «Тынчтык булагы» операциясынын мыйзамдуулугун, БУУнун Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсүнөн экөө болгон АКШ жана Орусиянын Түркия менен жетишкен макулдашуулар менен кабыл алгандарын эске салды.

АКШнын бир эле убакта НАТОнун мүчөсү экенин эске салган Чавушоглу: «Макрон бул темаларда кыялдануулары орундалбай калганынын себебинен жикчил террор мамлекетин курууну каалап жаткан. Биздин «Тынчтык булагы» операциябыз булардын кыялданууларына таш каптырды. Ал ишке ашпаган кыялдануусу менен Парижде күнүгө эмне дегенин билбеген көрүнүш бар»,-деди.

«Тынчтык булагы» операциясы тууралуу Вашингтондо НАТОнун жыйналышында жана тышкы иштер министрлердин жыйналышында керектүү нерселерди айткандарын баса белгилеген Чавушоглу: «Ошондуктан Макрондун сүйлөгөн сөзүнүн күчү жок. Натыйжада биз бул жерде террор менен күрөшүүдөбүз. (Макрон) Террордук уюмдун колдоочусу ансыз деле. Элисейде тынымсыз аларды коноктойт»,-деди.

Чавушоглу: «Макрон бул олку-солкулуктары менен Европанын лидери боло албайт. Учурда Европада боштук бар, лидер мен болоюн деп аракет кылууда, бирок бул жасалма мамиле. Лидерлик табийгыйлык менен, лидерлик сыпаты менен болот, табигый иш-аракеттер менен, саясаттар менен болот. Мындай жасалма жана боюнан ашкан айтымдар менен же кыймылдар менен болбойт»,-деп айтты.

Макрон, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен болгон биргелешкен маалымат жыйынында Түркиянын «Тынчтык булагы» операциясы тууралуу «Шериктешибиз Түркиянын коопсуздук санааркоолорун жакшы билемин. Көп сандаган террордук кол салууларга дуушар болушту. Бирок буга кошумча ДЕАШка каршы коалиция үчүн коркунуч туудурган аскердик операция жүргүзүп, биримдик жана колдоо күтүлсө болбойт»,деген серебин салган.



Тектеш кабарлар