Террористтерден тазаланган аймактарга 370 миң киши кайтып барды

Октай: «Коопсуз аймакка айландырылган жерлерде тынчтыкка жолтоо болгондор террордун тегирменине суу ташып жатышат»

1312662
Террористтерден тазаланган аймактарга 370 миң киши кайтып барды

Президенттин орун басары Фуат Октай, Сириядагы террордон тазаланган аймактарга орто эсеп менен 370 миң кишинин кайтып барганын айтты.

Фуат Октай Газиантепте өткөрүлгөн качкындарга байланыштуу эл аралык форумда сөз сүйлөдү.

Сириядагы адамзаттык кризисинин аякташын чын дилден каалаган ар кимдин коопсуз аймак темасында көмөк көрсөтүүсү керектигин айткан Октай: «Биз кимдин эмне дегенине, канчалык колдоо көрсөткөнүнө карабастан тынчтык коридорун ишке ашырууга чечкиндүүбүз»,-деди.

Октай: «Аймакта террордук уюмдардын арасында ажырым кылгандар жана Чобанбей, Жераблус сыяктуу коопсуз аймакка айландырылган жерлерде тынчтыкка жолтоо болгондор билип коюшсун, алар террордун тегирменине билип же билбестен суу ташып жатышат»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар