Эрдоган Катарга барат

Бул туурасында Коммуникация башкармалыгы билдирди.

1311558
Эрдоган Катарга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия менен Катардын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык комитетинин бешинчи жыйына катышуу үчүн бүгүн Катарга расмий сапар жасайт.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, президент Эрдоган Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин чакыруусу боюнча ал өлкөгө барат.

Эрдоган менен Аль Танинин жетекчилигинде өтө турган комитет жыйынына, тийиштүү министр жана жооптуу кызматкерлер да катышмакчы.

Жолугушууларда Түркия-Катар карым-катнаштары кеңири каралып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын баардык тармактарда дагы да кеңейтилиши мүмкүнчүлүктөрү сүйлөшүлөт, ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашылат.

Эрдогандын Түркия-Катар биргелешкен күчтөр командирлигине да баруусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар