"Чеңгел" опрациясында 163 террорист жок кылынды

Чеңгел операцияларында ушул күнгө чейин 163 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.

1312101
"Чеңгел" опрациясында 163 террорист жок кылынды

Улуттук коргоо минисрлиги Ирактын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмга карата  Чеңгел операцияларында ушул күнгө чейин 163 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.

Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана коом менен байланыштар  бөлүмүнүн башчысы  деңиз подполковниги Надиде Шебнем Актоп министрлик имаратында пресс  - жыйын өткөрдү. Актоп Сирияда Тынчтык булагы операциясы жүргүзүлгөн аймакта ушул күнгө чейин террористтер тарабынан тузакка түшүрүлгөн  эки миңден ашуун колдо жасалган жарылуучунун жок кылынгандыгын билдирди.

Актоп «Тынчтык булагы» операциясынын негизинде түрк куралдуу күчтөрүнүн мобилдик клиникасынын Тель Абяд жана Расулайндын  айылдарына чейин барып сириялыктарды саламаттык сактоо боюнча тейлегендигин, абалы оор кишилерди аймактагы ооруканаларга жиберишкендерин айтты.

Террористтердин мектептерди ракета чыгаруучу жер катары колдонгонду аныкталгандыгын айткан Актоп Нукра айылында террористтер тарабынан талкаланган мектептин оңдолгондугун белгиледи.

Актоп түрк куралдуу күчтөрүнүн АКШ жана Орусия менен Сириянын түндүгүн террордон тазаланышы тууралуу макулдашууларга баш ийгендигин айтты.

Иракта жүргүзүлгөн «Чеңгел» операцияларында да ушул күнгө чейин 163 террористтин жок кылынгандыгын белгилеген Актоп : «Террористтер тарабынан баш калкалоочу жер катары колдонулган 53 үңкүр менен 78 мина жана граната табылып жардырылды»,- деп билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар