Рим мезгилине таандык 48 май чырак табылды

Диярбакырдын Чынар районуна жакын жердеги Зерзеван чебинде жүргүзүлгөн казууларда Рим мезгилине таандык  1500 жылдык 48 май чырак  ачыкка чыгарылды.

1310868
Рим мезгилине таандык  48 май чырак табылды

Диярбакырдын Чынар районуна жакын жердеги Зерзеван чебинде жүргүзүлгөн казууларда Рим мезгилине таандык  1500 жылдык 48 май чырак  ачыкка чыгарылды.

Районго 13 километр алыстыктагы Демирөлчек мааласына жакын жердеги Рим императорлугу мезгилинде «аскердик  отурукташуу» катары колдонулган Зерзеван чебинде маданият жана туризм  министрлигинин координациясында баштатылган казуулар 5 жылдан бери жүргүзүлүүдө.

60 гектарга жакын 12 – 15  метр бийиктикте жана 1200 метр узундуктагы чептин калдыгы 21 метр бийиктитеги байкоо жана коргоо мунарасы, чиркөө, башкаруу имараты, турак жайлар, үрөөн жана курал сактоочу кампалары,  жер астындагы ыбадатканасы, аска мазарлары, суу каналдары менен 54 суу цистернасы болгон чеп ачыкка чыгарылды. Бул жылы жүргүзүлгөн казууларда Рим мезгилине таандык 1700 жылдык жана митхрас динине таандык жер астындагы храмына жакын жердеги аймакта 48 май чырак менен чырак калыптары табылды.



Тектеш кабарлар