Террордук уюм жарандарга кол салды
Түрк куралдуу күчтөрү, террористтерге жооп кайтарышты.
1309213
![Террордук уюм жарандарга кол салды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3b32/fb52/279f/5dd4dc4b961c0.jpg?time=1718873604)
Террордук уюм ЙПГ/ПККнын Сириянын Тель-Рифат районунан Азезге карай кол салуусунан бир жаран көз жумду.
Террористтер Тель-Рифатта уялаган Миннаг жергесинен Килистин маңдайындагы Сирия жерлеринде орун алган Азез районунун борборуна 8 жолу миномет атышты.
Миномет менен бирге Катюша снаряддары да атылган кол салууларда бир жаран каза тапты, 13 киши жаракат алды.
Түрк куралдуу күчтөрү, террористтер уялаган буталарды пушкалар менен атып кол салууга жооп кайтарышты.