Столтенберг:«Түркия эң көп террордук кол салууларга дуушар болгон шериктешибиз"

Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолуккан Столтенберг, жолугушуудан кийин журналисттерге маалымат берди.

1306839
Столтенберг:«Түркия эң көп террордук кол салууларга дуушар болгон шериктешибиз"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, баалуу шериктеш болгон Түркиянын террор менен күрөшүүдөгү ролунун маанилүү экенин айтты.

Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолуккан Столтенберг, жолугушуудан кийин журналисттерге маалымат берди.

Столтенберг, ДЕАШтын корбашчысы Эбубекир эль- Багдадинин жок кылынышынан улам АКШны куттуктап, «Бул, эл аралык террор менен күрөшүүдө абдан маанилүү басып өткөн жол болду»,деген пикирин бөлүштү.

Сириянын түндүгүндөгү кризиске карай саясий чечүүчү жол табылышы керектигине шилтеме кылган Столтенберг: «Түркиянын эң көп террордук кол салууларга дуушар болгон жана 3,6 миллион сириялык качкынга кожоюндук кылган шериктешибиз экенин моюнга алышыбыз керек. Ооба Түркиянын Сириянын түндүгүндө болушу тууралуу көп сандаган ар түрдүү пикирлер бар, бирок бир эле убакта Түркия баалуу шериктешибиз жана террор менен күрөшүүдөгү ролу абдан маанилүү»,-деп айтты.

Столтенберг, Түркия менен АКШнын ортосунда Патриоттор менен катар коргонуу системалары темасында уланган сүйлөшүүлөрдү канагаттануу менен кабыл алгандарын сөз кылды.



Тектеш кабарлар