Президент Эрдоган өлкөгө кайтып келди

Эрдогандын Вашингтондогу жолугушуулары аяктады.

1306650
Президент Эрдоган өлкөгө кайтып келди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШдагы жолугушууларынан кийин Түркияга кайтып келди.

Эрдоган атайын учак «TRK» менен Түркия убактысы боюнча саат 14.50дө Вашингтондон Стамбулга учуп келди.

Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, казына жана каржы министри Берат Албайрак, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, соода министри Рухсар Пекжан, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчи орун басары Махир Үнал, АК партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик, коммуникация башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын да өлкөгө кайтып келишти.

Эрдоганды вице-президент Фуат Октай, Стамбулдун гебернатору Али Йерликая, Стамбулдун коопсуздук директору Мустафа Чалышкан жана берки жетекчилер тосуп алышты.



Тектеш кабарлар