Эрдоган:«С-400дү таштап толугу менен Патриотко багытталабыз деген нерсе болбойт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШдан кайтып келе жатканда учакта журналисттерге маалымат берди.

1306733
Эрдоган:«С-400дү таштап толугу менен Патриотко багытталабыз деген нерсе болбойт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын С-400 абадан коргонуу системаларын таштап толугу менен Американын «Патриот» системасына багытталуу сыяктуу нерсеси болбогонун айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШдан кайтып келе жатканда учакта журналисттерге маалымат берди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Түркия менен АКШнын ортосундагы маселелердин эки тараптуу урмат-сый жана улуттук кызыкчылыктардын негизинде чечилиши үчүн Трамп чынчыл аракет жумшап жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Трампка каршы болгон чөйрөлөр, карым-катнаштарыбыздын бузулушу үчүн тыгыз аракет кылууда»,-деп айтты.

Түркиянын абадан коргонуу системаларына муктаждыгына токтолгон Эрдоган: «(АКШдан) Патриотторду да ала алабыз дедик. Муну алып жатканда (Орусиядан алынган) С-400дөрдү толугу менен жоюу сунушун эгемендик укуктарыбызды чектөө катары карайбыз. С-400дү таштап толугу менен Патриотко багытталабыз деген нерсе болбойт. «Патриотту да алалы» дедик. Бирок С-400дү дагы алабыз»,-деп айтты.

F-35 согуштук учактарынын биргелешип жасалышы жана Түркияга тапшырылышы темасында болсо Эрдоган: «Милдеттендирүүнү жасадык, каалаганым бул иштердин акырында жакшы натыйжа алуу. Трмапты мамилелеринде оң жана конструктивдүү көрдүм»,-деди.

Эрдоган, АКШ менен карым-катнаштар туурасында: «Көз караш айырмачылыктарынан ашып өтүүнүн жолу туура маалыматтарга таянган диалог болуп саналат. Бул тармактагы иштерибизди токтотпостон тынымсыз улантабыз»,-деп айтты.

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысынын кайтарылышы темасына токтолгон Эрдоган: «Адилет министрликтеринин ортосундагы сүйлөшүүлөр дагы деле уланууда, уланат. Талыкпастан, тажабастан байкайбыз. ФЕТӨнүн кылгандары тууралуу кеңири жазылган китепти бардык сенаторлорго бердик. Кайтаар замат толугун комплект түрүндө жөнөтөбүз»,-деди.

Армян маселеси жана 1915-жылдагы окуяларга токтолгон Эрдоган: «Урматтуу Трампка жана Ак үйдө жолуккан сенаторлорго кеңири маалымат бердим жана тарыхый жагдайлардын саясатташтырылышынын чоң жаңылыштык болгонун аларга түшүндүрдүм»,-деди.

Сириядагы коопсуз аймак темасында да Эрдоган: «НАТО өлкөлөрүнүн мамилесин көрөбүз. Оң мамилени көрсөк биринчи этапта түндүктө тынчтык тилкеси тууралуу тийиштүү кадамды таштай алабыз»,-деп айтты.

Трамптын катын кайтарып берүү туурасында Эрдоган, бул темада Трамптын каршы чыгуусу болбогонун белгилеп кетти.

АКШлык сенатор Линдси Грэмдин Түркияга каршы билдирүүлөрүнө токтолгон Эрдоган: «Мен ага керектүү нерселерди айттым. Бүгүн сабагын алды»,-деди.



Тектеш кабарлар