Түркия Тель Абьяддын инфраструктурасын оңдой баштады

Шанлыурфанын губернаторлугунан берилген жазуу түрүндөгү жарыяга караганда «Тынчтык булагы» операциясы менен жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККдан куткарылган Тель Абьядда жашоо өз калыбына келтирилиши үчүн мамлекеттик тейлөө жүргүзүлүүдө.

1305427
Түркия Тель Абьяддын инфраструктурасын оңдой баштады

Түркиядан барган топтор «Тынчтык булагы» операциясы менен жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККдан тазаланган Сириянын Түркия менен чек аралаш району Тель Абьядда жол оңдоо жана электр жарыгын берүү тейлөөлөрү үчүн иштерин улантууда.

Шанлыурфанын губернаторлугунан берилген жазуу түрүндөгү жарыяга караганда «Тынчтык булагы» операциясы менен жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККдан куткарылган Тель Абьядда жашоо өз калыбына келтирилиши үчүн мамлекеттик тейлөө жүргүзүлүүдө.

Шанлыурфанын губернаторлугунун облустук координация жана операция борборунун карамагында Автожолдордун жумушчу топтору тарабынан Акчакале чек ара капкасы менен Тель Абьяд шаар борборунун арасындагы 10 чакырымдык автожол оңдолду.

Шаардагы электр энергисы маселесин чечиш үчүн да аймакка энергияны камсыздаган көмөкчордон менен таркатуучу чубалгыларда оңдоо иштери бүткөрүлүп сыноо иштери жасалды. Жакында эле Рас-эль-Айнда да ичиле турган суу муктаждыгынын камсыздалышы үчүн Мамлекеттик суу иштери башкармалыгы (DSİ) тарабынан бургулоочу кудук казылып түтүк желелери курулган.

 



Тектеш кабарлар