Түрк жана орус аскерлеринин күзөт иштери
Бешинчи кургактык күзөт иштери кечээ Евфраттын чыгышындагы Айн-эль-Араб аймагында ишке ашты.
1305357
Түркия менен Орусиянын аскердик бөлүктөрүнүн бешинчи кургактык күзөт иштери кечээ Евфраттын чыгышындагы Айн-эль-Араб аймагында ишке ашты.
Улуттук коргоо министрлигинин маалыматында: «Евфраттын чыгышындагы Айн-эль-Араб аймагында түрк-орус аскерлеринин төрттөн унаа жана учкучсуз учуучу аппараттар менен жүргүзгөн бешинчи кургактык күзөттөрү аяктады»,-деген сөздөргө орун берилди.
Түрк жана орус аскерлери 22-октябрында Сочиде кол коюлган меморандумдун алкагында күзөт иштерин улантып жатышат.