Мина жана жарылуучу заттарды зыянсыздаштыруу иштери уланып жатат

Буга байланыштуу фотосүрөттөр да бөлүшүлдү.

1305889
Мина жана жарылуучу заттарды зыянсыздаштыруу иштери уланып жатат

Сирияда «Тынчтык булагы» операциясынын алкагында суу астынан коргонуу жана мина-жарылуучу заттарды аныктап жок кылуучу десанттардын иштери уланып жатат.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө, «Тынчтык булагы» операциясынын алкагында элдин коопсуз түрдө үйлөрүнө кайтууларын камсыздоо максатында ишке ашырылган мина менен жарылуучу заттарды аныктоо жана зыянсыздаштыруу иштери уланып жаткандыгы белгиленди.

Ошондой эле аймактын мина жана жарылуучу заттардан толугу менен тазаланганга дейре иш-аракеттерин чечкиндүүлүк менен улантыла тургандыгы маалымдалды.

Түрк аскерлеринин мина-жарылуучу заттарды зыянсыздаштыруу иштерине байланыштуу фотосүрөттөр да бөлүшүлдү.



Тектеш кабарлар