Түркия ДЕАШ террористтерин депортация кылууда

ДЕАШка мүчө террористтер кайсы өлкөнүн жараны болсо ошол өлкөлөргө тапшырылып жатат.

1304330
Түркия ДЕАШ террористтерин депортация кылууда

Террордук уюм ДЕАШ террористтери өлкөдөн чыгарыла баштады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Чатаклы, соттук иштери аяктаган америкалык бир ДЕАШ террористтинин Түркиядан чыгарылгандыгын билдирди.

Чатаклы: «Кайра кайтаруу борборлорундагы германиялык 7 террорист 14-ноябрда өлкөдөн чыгарылат. Даниялык бир террорист болсо соттук иштери аяктаса кечкиге чейин өлкөсүнө жөнөтүлөт»,- деди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, талаштуу тема болгон ДЕАШ мүчөлөрүнүн тапшырылышына байланыштуу өткөн жумадагы билдирүүсүндө батыш өлкөлөрүнө кайрылып: «Дүйшөмбү күнүнөн тарта ДЕАШ мүчөлөрүн кайсы өлкөнүн жараны болсо ошол өлкөлөргө жөнөтө баштайбыз. ДЕАШ мүчөлөрүн жарандыктан чыгарсаңар дагы, чыгарбасаңар дагы сиздин өлкөңүзгө жөнөтөбүз. Эмне кылсаңар ошо кылгыла. Өз адамдарыңарга кандай жооп берээриңерди өзүңөр билесиңер. Биз эч кимдин, ДЕАШтын мейманканасы эмеспиз»,-деген болчу.



Тектеш кабарлар