Эрдоган: «Сирияда менин ишим жок болсо Сириянын биздин жерлерде эмне иши бар?»

Эрдоган, Бештепеде Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн түбөлүк жайына узатылышынын 81-жылынан улам өткөрүлгөн эскерүү аземинде сөз сүйлөдү.

1303676
Эрдоган: «Сирияда менин ишим жок болсо Сириянын биздин жерлерде эмне иши бар?»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда 8100 чакырымдык аянттын коопсуз абалга айландырылганын айтты.

Эрдоган, Бештепеде Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн түбөлүк жайына узатылышынын 81-жылынан улам өткөрүлгөн эскерүү аземинде сөз сүйлөдү.

Коопсуз абалга келтирилген аймактарга сириялыктардын кайтуусу үчүн керектүү пайдубал түптөлгөнүн белгилеген Эрдоган, учурдан тарта 365 миң сириялыктын өз жерлерине кайтканын билдирди.

Максаттарынын Түркияда жүргөн бардык сириялыктарды өз үйлөрүнө кайтаруу болгонун түшүндүргөн Эрдоган, бул үчүн долбоорлорду даярдагандарын кеп кылды.

Ийиндерине кирилген жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК мүчөлөрүнүн кача турган тешик дагы таба албагандарын түшүндүргөн Эрдоган: «Сирияда менин ишим жок болсо Сириянын биздин жерлерде эмне иши бар? Менин аскерим шейит болуп жатабы? Ал (ПКК/ЙПГ) жерден тийишип ок атууда биз дагы эмне керек болсо жасап жатабыз. Улуттук эркти талкалаш үчүн колдорундагы жашыруун, ачык бардык инструменттерди колдонушту, мында дагы ийгиликке жете алышкан жок»,-деп айтты.

Акыркы күндөрдөгү Осмон империясына карай жалган жана жалааларга толгон маалыматтарга көңүл бурган Эрдоган: «Осмон империясы доорунда сабаттуулардын саны аз имиш. Осмон империясынын өзүнүн курал өнөр жайы жок имиш. Осмондук карамагындагы элдерге зулумдук кылат экен. Булардын бардыгы жалган, жалаа жабуу болуп саналат. Түркия душмандыгы үчүн материал чыгаргандардын өтмүштөрү тукум курут, зулумдук менен толгон болсо дагы өздөрүн тескерисинче аңгемелер менен таанытууга аракет кылып жатышат»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Сакариядагы танка чыгаруучу ишкананын сатылышы дагы сөз болбогонун айтты.

«Өлкөбүздү 2023-жыл максаттарына жеткирип, дүйнөнүн эң жогорку лигасына чыгаруу боюнча чечкиндүүбүз»,-деп айткан Эрдоган: «Ататүрктү эскерүү да ушуну менен болот. Куру сөз менен эмес»,-деди.



Тектеш кабарлар