Йенс Столтенберг : "Түркия Европанын коопсуздугу үчүн мааниге ээ"

Йенс Столтенберг Германиянын борбор шаары Берлинде Кербер фондунда сүйлөгөн сөзүндө коопсуздук саясаттарына байланыштуу маалымат берди.

1302836
Йенс Столтенберг : "Түркия Европанын коопсуздугу үчүн мааниге ээ"

 НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Түркиянын Европанын коопсуздугу үчүн мааниге ээ экендигин айтты.

Йенс Столтенберг Германиянын борбор шаары Берлинде Кербер фондунда сүйлөгөн сөзүндө коопсуздук саясаттарына байланыштуу маалымат берди.

Европа Биримдигинин аскердик жактан Европаны жалгыз өзүнүн коргой албай тургандыгын баса белгилеген Столтенберг НАТОнун маанисине көңүлдөрдү бурду.

«Норвегия, АКШ, Канада жана Британия менен түштүктө Түркия, Европанын коопсуздугун сактоо үчүн ачкыч мааниге ээ өлкө»,- деди Столтенберг.

Союздаш өлкөлөрдөн коргонуу үчүн чыгашаларын НАТО талап кылган деңгээлге алып келүүлөрүн суранган Столтенберг Германиянын коргонуу чыгашаларын АКШга жакшылык болсун деп эмес, тескерисинче  өз коопсуздугун түзүүдө арттырышы керектигин баса белгиледи.

Столтенберг жекшемби күнү «Bild am Sonntag» гезитине берген маалыматында да Түркиянын маанилүү союздаш экендигин кабыл алуу керектигин белгилеген.

«Террордук уюм ДЕАШка каршы күрөштө жана уюмдун кулашында Түркия чечкиндүү түрдө салымын кошту. Эч бир союздаш Түркиячалык сириялык качкынды  алган жок. Түркия 3 миллион 600 миң сириялыкты алды жана эч бир НАТО өлкөсү Түркиячалык террордук кол салууну жашаган жок»,- деди.



Тектеш кабарлар