Эрдоган: «Тынчтык булагы операциясы террордук уюм аймактан чыгарылганга дейре уланат»

Эрдоган, Венгриядан кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1303109
Эрдоган: «Тынчтык булагы операциясы террордук уюм аймактан чыгарылганга дейре уланат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» операциясынын жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК аймактан чыгарылганга дейре улана турганын билдирди.

Эрдоган, Венгриядан кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анда Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга каршы жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясынына токтолгон Эрдоган: «Мурдагы кечте АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүбүз болду. Телефондогу сүйлөшүүбүздөн кийин 13-ноябрда АКШга баруу чечимин чыгардык»,-деди.

Эрдоган, бул сапар менен «Тынчтык булагы» операциясынын келип жеткен жерин Трамп менен бетме-бет талкуулоонун пайдалуу боло турганын айтты.

АКШнын бизге берген убадасы бар болчу деген Эрдоган: «Манбижден террордук уюмдарды чыгартабыз» дешти. Учурда да чыккан жок. Биз эмне болуп жатканын бардык чалгындоолорубуз менен билебиз»,-деп айтты.

Тель-Абьяд жана Рас-эль-Айн аймагында Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) көзөмөлү уланып жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Бирок Рас-эль-Айндын түштүк жагында Тель Тамер аймагы бар. Бул жер террордук уюм турган жер. Террордук уюм жөн турбайт жана ал жерден чек араларыбызга тынымсыз тийишип турушат. Ошондой эле нерсе Манбижде бар. Ошондой эле абал Айн-эль-Арабдын чөйрөсүндө бар. Бул жерде ПКК-ПЙД-ЙПГ кымындай мүмкүнчүлүк тапканда кол салууда»,-деди.

Аймакта террор менен күрөшүүнүн чечкиндүү уланып жатканын айткан Эрдоган, АКШ сапарында булардын бардыгын Трамп менен сүйлөшө тургандарын айтты.

«Бул жерде акыркы террорист аймакты таштабаган соң биз ишибизди таштабайбыз»,-деп айткан Эрдоган: «Берки өлкөлөр бул жерден чыкпагандан кийин биз бул жерден чыкпайбыз. Биз Сириянын биримдигин, ынтымагын жана бүтүндүгүн жактайбыз. Эч качан майдаланышын каалабайбыз. Эгерде берки өлкөлөр дагы ушуну жакташса алар дагы муну далилдеши керек. Алар далилдешип, бизден мунун далилин сурашсын. Булардын эч биринин бул жерде чек арасы жок, бирок биздин бул жерде чек арабыз бар»,-деп баса белгиледи.

«Биздин Адана меморандуму сыяктуу документибиз бар»,-деп айткан Эрдоган: «Бул террордук уюмдар тазаланган сайын Адана меморандумунун бизге берген ыйгарымы менен бул жердеги турушубузду өзүндөй улантабыз»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар