Октай:«АКШнын террор отчету Түркияны террордук уюмдар менен күрөшүүсүнөн баш тарттыра албайт»
Борбор шаар Анкарада Жогорку билим берүү кеңешинде өткөн конгресске катышкан Октай, бул жердеги сөзүндө АКШнын Мамлекеттик катчылыгы даярдаган террор отчетун сынга алды.
Вице-президент Фуат Октай, АКШнын 2018-жыл террор отчетунун, Түркияны террордук уюмдар менен күрөшүүсүнөн баш тарттыра албай турганын айтты.
Борбор шаар Анкарада Жогорку билим берүү кеңешинде өткөн конгресске катышкан Октай, бул жердеги сөзүндө АКШнын Мамлекеттик катчылыгы даярдаган террор отчетун сынга алды.
Октай: «Америка даярдаган терроризм отчету, кечээ да Кабинет жыйналышынан кийин айттык, ФЕТӨ менен дагы жана ЙПГ (ПККнын Сириядагы уландысы) террордук уюму менен дагы болуп жаткан күрөшүүбүздөн бизди баш тарттыра албайт»,-деди.
«Качан гана бутка турсак, өнүгө баштасак, кыйырды карасак, буттарыбыз террордук уюмдар менен кишенделүүгө аракет кылынууда»,-деп айткан Октай, буга уруксат бербей тургандарын жана Түркиянын өнүгүүсүн уланта турганын баса белгиледи.
Октай, академия дүйнөсүнөн дагы Түркиянын бул укуктуу күрөшүүсүнүн бүткүл дүйнөгө күчтүү түрдө түшүндүрүлүшүнө колдоо күткөндөрүн айтты.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.