Эрдоган: «Сириядагы коопсуз аймакта дагы деле террористтер жүрөт»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси (АК Партия), президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (ТУУЖ) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

1300638
Эрдоган: «Сириядагы коопсуз аймакта дагы деле террористтер жүрөт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириядагы коопсуз аймакта дагы деле террористтер жүргөнүн айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси (АК Партия), президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (ТУУЖ) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Сириянын түндүгүндө жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК жана ДЕАШка карай жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясына токтолгон Эрдоган: «Түркияны террордук уюм аркылуу курчоону пландагандарга террористтердин ийиндерине түздөн-түз кирип барып тепкилеп жообубузду бердик»,-деп айтты.

Батыш өлкөлөрүнүн өтмүштө террордук уюм АСАЛАнын кылган террордук кыймылдарына үн катпай калгандары сыяктуу бүгүнкү күндө да террордук уюмдардын Түркияга карай террордук кол салууларына үн катпай калгандарын баса белгилеген Эрдоган, батыш өлкөлөрүнүн бул террордук уюмдарын колдонууга ылайыктуу инструмент сыяктуу көргөндөрүн белгиледи.

2016-жылы 15-июлда төңкөрүш аракетин кылган Фетхуллахчы террордук уюму (ФЕТӨ) тууралуу сереп аслган президент Эрдоган: «1999-жылы АКШга баш калкалаган террорист корбашчысы эмне  үчүн АКШда жүрөт? Сунушталган делолорду көрүп туруп аны эмне ал жакта жашырып жатышат? Террорист башчысы ФЕТӨ, бир бир проект болуп саналат. Бир проект катары АКШда 400 дөнүмдүк аянтта жашоосун улантууда. Өзүн өлтүргөн ДЕАШтын башчысы сиз үчүн канчалык маанилүү болсо, ФЕТӨ делген террорист башчысы биз үчүн ошончолук маанилүү»,-деди.

Түркиянын Сирия жана Ирактын территориясында бир дагы террорист калбай калганга дейре күрөшүн уланта турганын айткан Эрдоган: «Биз белгилеген коопсуз аймак чек араларынын ичинде дагы деле террористтер бар экенин билебиз. Бул жерлер террористтерден тазаланган эмес. Бизди алдай алышпайт»,-деп айтты.

Фракциялык жыйналыштан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген президент Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрө турганын, ошого жараша АКШга сапар жасоо үчүн чечим чыгара турганын маалымдады.



Тектеш кабарлар