Түркия парламентинин төрагасы Токиодогу саммиттин ачылышына катышты

Төрага Шентоп кесиптештерин Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) иштеринин токтотулушу темасында кызматташууга чакырды.

1299857
Түркия парламентинин төрагасы Токиодогу саммиттин ачылышына катышты

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Япониянын борбор шаары Токиодо Чоң жыйырмага мүчө өлкөлөрдүн парламент төрагаларынын саммитинин ачылышына катышты.

Мустафа Шентоп Токиого сапарынын алкагында Чоң жыйырманын парламент төрагаларынын саммитинин ачылышынан кийин эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Парламенттер аралык биримдиктин төрагасы Габриэла Куэвас Баррон, Нидерландиянын Өкүлдөр палатасынын төрага орун басары Окье Теллеген менен жолуккан Шентоп, Япониянын кеңешүү парламентинин төрагасы Акико Санто менен да кезигишти.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, түштөн кийин алгач Түштүк Африканын парламент төрагасы Танди Модизе менен жолукту. Шентоп кесиптешинен Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) Түштүк Африкадагы иштеринин токтотулушу темасында колдоо көрсөтүүсүн өтүндү.

Түштүк Африканын парламент төрагасы Модизе да Түркиянын билдирген маалыматтарын өлкөсүндөгү тийиштүү мекемелер менен бөлүшүп: «Түштүк Африканы колдонуп Түркияга кол салышы мүмкүн» деп аларды эскерткенин айтты.

Парламенттин төрагасы Шентоп андан соң Канаданын Сенат төрагасы Жордж Фьюри жана Аргентинанын Сетан төргасы Пинедо Федерико менен да жолукту.

Шентоп ФЕТӨнүн бул өлкөлөрдөгү иштеринин тототулуусу боюнча кызматташтыкка чакырды.



Тектеш кабарлар