Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, АКШнын терроризм боюнча отчету тууралуу суроого жазуу түрүндөгү билдирүү менен жооп берди.

1299561
Түркия АКШга каршылык көрсөттү

Түркия, АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын 2018-жыл терроризм отчетунун «Американын органдарынын мыйзамдарга коошпогон мамилелерин жаап жашыруу аракети» болгону билдирилди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, сөз болгон отчет тууралуу суроого жазуу түрүндөгү билдирүү менен жооп берди.

Аксой, отчетто АКШ тарабынан «чет элдик торрордук уюм» деп тизмеленген ПККнын 2015-2018 мезгилинде Түркияда 1200дөн ашуун жаран, полция жана аскердин шейит кылынышынын себепкери болгону белгиленгенине көңүл буруп, «ЙПГнын аты аталбай мунун ордуна «ПККнын Сириядагы уландылары» айтымынын колдонулушу, бул террордук уюм менен кызматташтыгын жашырбаган АКШ органдарынын мыйзамга коошпогон абалдарын жаап жашыруу аракети»,деп маалымдады.

Аксой, отчеттогу ФЕТӨгө байланыштуу баа берүүлөр тууралуу буларды белгиледи: «Түркияны бутага алган берки террордук уюм ФЕТӨнүн корбашчысынын «сүргүндө бир динчил» деп билдирилиши, 15-Июль чыккынчылык төңкөрүш аракетин көрмөксөнгө салуу же колдоо түшүнүгүн берет.  Айрыкча бул террористтин АКШнын территориясында өзүнө коопсуз баш калкалоочу жай тапкан болушун жокко чыгаруу аракетинин көрүнүшү. 251 бейкүнөө атуулубуз шейит кылынган жана миңдегени жаракат алган 15-Июль чыккынчылык төңкөрүш аракетинин артында турган ФЕТӨ террордук уюмунун бир гана Түркия эмес, орун алган ар бир өлкө үчүн коркунуч туудурганы унутулбашы керек. Террор менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыктын чоң мааниге ээ болгону билиниши керек».



Тектеш кабарлар