Алтун : "Түркия террор менен күрөшүүдө чечкиндүү"
Фахреттин Алтун АКШлык кээ бир саясатчылардын Түркияга каршы маалыматтарына байланыштуу англис тилинде билдирүү жарыялады.
Президенттик аппаратынын коммуникация боюнча төрагасы Фахреттин Алтун Түркиянын террор менен күрөшүүдө чечкиндүү экендигин белгиледи. Алтун твиттерден АКШнын өкүлдөр парламентинде кабыл алынган долбоорлор менен АКШлык кээ бир саясатчылардын Түркияга каршы маалыматтарына байланыштуу англис тилинде билдирүү жарыялады.
Фахреттин Алтун билдирүүсүндө : «Бир НАТО союздашы менен стратегиялык карым- катнаштарга зыянын тийгизүүнүн күнөөсү терродук уюм менен кызматташуу түзгөндөрдүн мойнунда. Президентибиз Р. Т. Эрдоган да белгилегендей Түркиянын террор менен күрөшүү чечкиндүүлүгүн токтотуу аракеттеринин биз үчүн мааниси жок. Түркия террор менен күрөшүүдө чечкиндүү. Бул күрөштү элибиздин жана бүткүл дүйнөдөгү адамдардын коопсуздугун түзүү үчүн улантуудабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын калкынын 15,1 пайызын жаштар түзүүдө
Түркиянын статистикалык мекемеси 2023 - жылдын жаштар боюнча статистикасын жарыялады.