Чавушоглу Стамбулда Гутерриш менен жолукту
Чавушоглу Твиттерден маалымат берди.
1297506
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен жолугушту.
Чавушоглу бүгүн өтө турган 6-Стамбул арачылык конференциясына катышуу үчүн Стумбулга келген Гутерриш менен жолукту.
Жолугушуудан кийин Твиттерден маалымат берген Чавушоглу: «Гутерриш менен Сирия, Пелестина жана Кипр маселелерин сүйлөшүп, аймактык жана эл аралык көйгөйлөрдү карап чыктык. Ошондой эле БУУ менен ортобуздагы кызматташтык долбоорлору тууралуу пикир алмаштык»,-деди.