Эрдоган АКШ сапарынын ишке ашып ашпай турганы тууралуу азырынча чечим чыгара элек экенин айтты

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөгөндөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1297409
Эрдоган АКШ сапарынын ишке ашып ашпай турганы тууралуу азырынча чечим чыгара элек экенин айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 13-ноябрда АКШ сапарынын ишке ашып ашпай турганы тууралуу азырынча чечим чыгара элек экенин айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөгөндөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

АКШнын Түркияга каршы кылган мамилесинин себебинен жыйналышта айткан каршы чыгуусу эске салынып, 13-ноябрдагы АКШ сапарынын бул шарттарда ишке ашып ашпай турганына карай суроо боюнча Эрдоган: «Учурда али чечим чыгара элекмин. Бирок суроо белгиси турат»,-деп айтты.

«Фракциялык жыйналыштагы сөзүнүңүздө террор менен күрөшүүгө байланыштуу жакынкы убакта сүйүнчү бере турганыңызды айттыңыз. Ал сүйүнчү жикчил террордук уюм ЙПГ/ПЙД/ПККнын корбашчысы Мазлум Кобанинин Түркияга кайтарылышы темасындабы?» деген суроого Эрдоган: «Эмне үчүн шашылып жатасыз? Бул иштердин кабары берилеби? АКШ кабар берип келдиби?»,-деп айтты.

Эрдоган, «Тынчтык булагы операциясынын алкагында «В» жана «С» пландарынын эмнелер экени жөнүндө суроо боюнча да «Учурда «А» планын ишке ашыруудабыз. Бул күзөттөр жана башкалар, булар уланат. Бул күзөттөрдөн кийин аянттагы бардык абалга жараша кайсы жерде кандай кадам ташталышы керек? Мына Айн-эль-Арабда, Манбижде күтүлгөндөр эгерде орундатылбаса бул жерлерде «В» планына, «С» планына өтөбүз»,-деди.

Бул аптанын ичинде Орусиянын президенти Владимир путин менен сүйлөшүүсү болуп болбой турганы суроосуна Эрдоган: «Ар дайым болушу мүмкүн. Абалга жараша»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар