Turkish Cargoдо эки жаңы каттам

Turkish Cargo Малайзиянын борбор шаары Куала Лумпур менен Индиянын батышындагы Ахмедабадды каттам желесине кошту.

1293951
Turkish Cargoдо эки жаңы каттам

Turkish Cargo Малайзиянын борбор шаары Куала Лумпур менен Индиянын батышындагы Ахмедабадды каттам желесине кошту.

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешчилигинен берилген маалыматка караганда Turkish Cargo каттам желесин кеңейтүүнү улантууда.

Малайзиянын борбор шаары Куала Лумпур жана Индиянын Ахмедабад шаары түздөн түз карго каттамы  аткарылган жерлердин арасына кошулду.

Каттам желесине кошулган Малайзиянын маданият жана финансы борбор шаары болгон Куала Лумпур негизги экспорт жана импорт потенциалы менен алдыңкы планга чыгууда. Куала Лумпурдан Европада Германиянын Франкфурт жана Нидерландиянын Амстердам шаарларына, АКШда болсо Чикаго, Атланта жана Хьюстон шаарлары башта болгон дүйнөнүн бир топ өлкөсүнө  электрондук жана медициналык буюмдар менен запастык бөлүкчөлөрдүн ташылышы максат кылынууда.

Индиянын башытындагы Гужарат аймагында эң чоң шаар болгон Ахмедабад болсо импорт потенциалы жогору болгон Доха жана Бахрейн менен бириктирилди. Ылдам өскөн шаарлар тизмесинде орун алган Ахмедабад олуттуу бир дары базары болушу менен  да алдыңкы планга чыгууда.

 



Тектеш кабарлар