Мевлүт Чавушоглу эл аралык коомчулукту Палестин калкын колдоого чакырды

Мевлүт Чавушоглу Бакуда Кошулбоо кыймылынын 18 -  саммитинин негизинде темасы «Палестин» болгон Министрлер Комитетинин жыйынына катышты.

1294249
Мевлүт Чавушоглу эл аралык коомчулукту Палестин калкын колдоого чакырды
cavusoglu baku filistin1.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу эл аралык коомчулукту Палестин калкын колдоого чакырды. Чавушоглу  Азербайжандын борбор шаары Бакуда Кошулбоо кыймылынын 18 -  саммитинин негизинде темасы  «Палестин»  болгон Министрлер Комитетинин жыйынына катышты.

Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Палестин доосунун тарыхтын эң кыйын мезгилдеринин бирин жашап жаткандыгын белгилеп, Кошулбоо кыймылынын Палестинге карата колдоосунун улантылышынын чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

Израилдин басып алуусу жана экспансия саясатынын улантылып жаткандыгын, Нетаньяхунун шайлоо кампаниясындагы акыркы маалыматтарынын Израилдин расист бир « Апартеид мамлекетке» айланышына карата көз карашты кайрадан тактагандыгын баса белгилеген Чавушоглу Палестин калкынын дайыма өзгөчө кырдаалдын ичинде жашаганына көңүлдөрдү бурду.  

1967 -  жылы белгиленген чектерди негиз кылып алып Чыгыш Кудстун борбор шаар экендиги, Израиль менен жанаша тынчтык ичинде жашаган көз карандысыз жана эгемендүү бир Палестин мамлекетине муктаж экендигин белгилеген Чавушоглу : «Палестин калкын колдоо үчүн эл аралык коомчулук Израилдин  эки мамлекеттүү чечүүчү жолду күчсүздөнтүү аракеттерине каршы  кыймыл кылышы керек»,- деди.

Мевлүт Чавушоглу жаңы мыйзам тышы отурукташуу чечимдери, палестиндиктердин мыйзамдарынын бузулушу, Кудстун мыйзамдуу жана тарыхый абалын жок кылуу кыймылдары менен дагы көп зыян берген кыймылдардан алыс болуу үчүн Израилге кысым жасалышы керектигин белгиледи. Чавушоглу : «Палестин мамлекетинин эл аралык коом тарабынан таанылышы туруктуу тынчтыктын түзүлүшү үчүн бир мажбурдуулук. Палестин мамлекетин таныбаган бардык мүчөлөрдү муну аткарууга чакырам»,- деди.

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиндик качкындарга жардам агенттигине Түркиянын финансылык колдоосуна да көңүлдөрдү бурган Чавушоглу Түркиянын 2019 -  жылы бул максатта 10 миллион доллар которгондугун билдирди.

Чавушоглу Түркиянын Газадагы палестиндердин абалын жеңилдетүү үчүн колунан келгендин эң мыктысын аткарууну улантарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар