Тышкы иштер министри менен Майк Помпео телефон аркылуу сүйлөштү
Майк Помпео ЙПГ/ПКК мүчөсү террористтердин "Тынчтык булагы" операциясы жүргүзүлгөн аймактан чыккандыгын жазуу түрүндө билдиргендигин тактады.
1292885
![Тышкы иштер министри менен Майк Помпео телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b3e7/1a07/2bc9/5daff29d28e00.jpg?time=1718872230)
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШНын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тышкы карым - катнаштар булактарынан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө Помпео АКШ аскердик жетекчилеринин Түркиянын аскердик жетекчилерине террордук уюм ЙПГ/ПКК мүчөсү террористтердин "Тынчтык булагы" операциясы жүргүзүлгөн аймактан чыккандыгын жазуу түрүндө билдиргендигин тактады.