Түркиянын АКШ жана Орусия менен жетишкен макулдашуулары саясий ийгилик катары тарыхта калат

Мевлүт Чавушоглу, Анадолу агенттигине Түркия менен Орусиянын кечээ Сочиде жетишкен макулдашуунун кеңирисин түшүндүрүп берди.

1293184
Түркиянын АКШ жана Орусия менен жетишкен макулдашуулары саясий ийгилик катары тарыхта калат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын АКШ жана Орусия менен Сирия темасында жетишкен макулдашууларынын саясий ийгилик катары тарыхта калаарын айтты.

Мевлүт Чавушоглу, Анадолу агенттигине Түркия менен Орусиянын кечээ Сочиде жетишкен макулдашуунун кеңирисин түшүндүрүп берди.

Чавушоглу, Түркиянын АКШ жана Орусия менен Сирия темасында жетикшен макулдашууларынын саясий ийгилик катары тарыхта кала турганын айтты.

Дүйнөнүн эң чоң эки өлкөсүнүн «Тынчтык булагы» операциясынын мыйзамдуулугун кабыл алганын белгилеген Чавушоглу: «Тынчтык булагы операциясы болгон аянтта кандайдыр бир террор элементи бет келсе аларды жок кылабыз»,-деди.

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга мүчө террористтердин Камышлы менен катар Түркия чек арасынан 30 чакырым түштүккө чыгарыла турганын сөз кылган Чавушоглу, Түркиянын иш-аракеттеринин террористтердин Сириянын түндүгүндө кургусу келген террор мамлекетинин жолун торогонун айтты.

«Тынчтык былагы» операциясынын Сириянын келечеги үчүн бурулуш жер болгонун белгилеген Чавушоглу: «Бул жерлерде (Сириянын түндүгү) калктын көпчүлүгү арабдардан турат. Жергиликтүү башкарууда арабдар болот. Күрттөр бар болсо алар дагы башкарууда орун алышат»,-деп айтты.

Министр Чавушоглу, Башар Асад режими менен түздөн-түз сүйлөшүү болбогонун, Асад режими «Адана» меморандумун талап кылса дагы ишке ашыруу жетиштүүлүгү жок экенин айтты.



Тектеш кабарлар