Африка мусулман диний лидерлер саммити

Дин иштеринин төрагасы Али Эрбаш Эйүп Султан мечитинде саммиттин катышуучулары  жана окуучулар менен багымдат намазын окуду.

1292363
Африка  мусулман диний лидерлер саммити
musluman.jpg

Дин иштеринин төрагасы Али Эрбаш 3 -  Африка мусулман диний лидерлер саммитинин негизинде Стамбулга келген делегациялар жана африкалык диний мектептин окуучулары менен багымдат намазында жолугушту.

Эйүп Султан мечитине келген Эрбаш саммиттин катышуучулары  жана окуучулар менен багымдат намазын окуду.

Намаздан кийин сөз сүйлөгөн Эрбаш сөзүн Сириянын түндүгүндөгү ЙПГ/ПКК жана ДЕАШ террордук уюмдарга каршы жүргүзүлгөн Тынчтык булагы операциясына катышкан коопсуздук күчтөрүнө дуа кылуу менен баштады.

Эрбаш намазга Африка өлкөсүнөн диний лидерлер, дин иштери министрлери, муфтийлер жана окуучулардын катышканын белгилеп, бүгүн аякташы күтүлгөн саммитте африкалык мусулмандардын маселелеринин сөз болгондугун айтты.

Түркиянын берген жардамдарына токтолгон Эрбаш зекет жана курмандык жардамдарын 149 өлкөгө жеткиришкендерин айтып, ал берекелүү иштердин натыйжасында 52 өлкөдөн мусулман бир туугандардын бүгүн бул жерде экендигин билдирди.

Эрбаш бул мусулман өлкөлөрдөн 20 миңге жакын окуучунун Түркияда окугандыгын да белгиледи. Эрбаш андан кийин коштоосундагы кишилер менен бирге Эйүп Султан күмбөзүнө барды.



Тектеш кабарлар