Эрдоган батыш өлкөлөрүн терроризм боюнча эскертти

Эрдоган, Стамбул Конгресс борборунда «Глобалдашуунун кризиси; тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр» башкы темасы менен Түркия радио- телеберүү мекемеси (ТРТ) тарабынан үчүнчүсү уюштурулган TRT World Forum 2019да катышуучуларга кайрылуу жасады.

1291831
Эрдоган батыш өлкөлөрүн терроризм боюнча эскертти

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террор менен чогуу кыймыл кылган батыш өлкөлөрүнө «Кана сиздер террорго каршы эмес белеңер, качантан бери террор менен чогуу кыймыл кыла баштадыңыр?»-деп айтып каршылык көрсөттү.

Эрдоган, Стамбул Конгресс борборунда «Глобалдашуунун кризиси; тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр» башкы темасы менен Түркия радио- телеберүү мекемеси (ТРТ) тарабынан үчүнчүсү уюштурулган TRT World Forum 2019да катышуучуларга кайрылуу жасады.

Демократиянын жана адилеттиктин түзүлүүсүнүн дүйнөдөгү ар башка үндөрдү жолугуштуруудан жана эркин талкуулоо чөйрөсүн жаратуудан өткөнүн баса белгилеген Эрдоган: «Мындан мурда катыша тургандарын билдиришсе дагы «Тынчтык булагы» операциясын шылтоо кылып программаларын жоюп таштагандардын демократияны өздөштүрө албагандарын жана террордук уюмдарга колдоо көрсөткөндөрүн ойлоодомун»,-деди.

Президент Эрдоган, чек аралары тер жана кан менен эмес үстөлдүн четинде олтуруп сызгыч менен сызылып түзүлгөн мамлекеттердин эч качан чыныгы мамлекет боло албай турганы ачык ортодо экенин айтты.

Түркиянын эч бир өлкөнүн жерлерине, эч бир коомчулуктун эркиндигине же кызыкчылыктарына көз артпаганын белгилеген Эрдоган: «Ар ким Сирияда, Иракта, Ооганстанда, Ливияда, Африкада, Балканда башка ниет менен ат чаптырып жүрүшү мүмкүн. Түркия бир гана туугандары менен болгон тагдырынын окшоштугунун себебинен ал жерлерде. Бул «бир тамчы кара майды бир тамчы кандан дагы баалуу көргөндөр эч качан түшүнө албай турган изгилик болуп саналат»,-деди.

Эч бирин ылгабастан залимди залим, террористти террорист, адилетисздикке адилетсиз, зулумдукка зулумдук деп айтуусун уланта тургандарын билдирген Эрдоган: «Түркия катары эч качан террордук уюм менен үстөлгө олтурган жокпуз, отурбай элебиз жана отурбайбыз»,-деп айтты.

Дипломатиянын бир гана күчтүүлөрдүн кысым көрсөтүүчү инструменти катары колдонулушунун улантыла алышы мүмкүн болбой турганын айткан Эрдоган: «Түндүк Сирияда эгерде 30 миң фура менен Ирак аркылуу курал, ок-дары, аскердик техника өткөрүлүп жатса, атаганат «мен дүйнөнүн эң күчтүүсүмүн» дегендер муну эмне менен түшүндүрүшөт, муну кайсы демократиялык түшүнүк менен түшүндүрүшөт?»,-деп айтты.

Эрдоган: «Бүткүл Батыш, террористтердин жанында орун алды жана бардыгы чогуу бизге кол салышты. НАТО өлкөлөрү менен катар Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр кошо бардыгы... «Кана сиздер терроризмге, террорго каршы эмес белеңер, качантан бери террор менен чогуу кыймыл кыла баштадыңыр?»-деп айтты.

Эртең Орусияга сапары боло турганын эске салган Эрдоган: «Бул сапарда Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен бул процессти талкуулап, андан кийин ташталышы керек болгон кадамдарды буюрса таштайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар