Эрдоган:"Берилген убадалар орундатылбаса,операцияны калган жерден улантабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кайсериде тобу менен болгон ачылышта сөз сүйлөдү.

1290992
Эрдоган:"Берилген убадалар орундатылбаса,операцияны калган жерден улантабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Сирияда 120 сааттын ичинде АКШ менен макулдашылган шарттар ишке ашырылбаса "Тынчтык булагы" операциясын калган жеринен уланта турганын айтты.

Кайсериде тобу менен болгон ачылышта  сөз сүйлөгөн президент Режеп Таййип Эрдоган: "Кайсы орой бизге кишен сала алат экен? Сурап жатам, террордук уюм бизге кишен салабы? Террористтерге жардам берип жаткандар кишен салабы? Колдорунда миңдеген бейкүнөө адамдын канын мыкчыгандар кишен салабы? Булар түрк улутун тааный элек экен, бирок таанышат. Же сый менен таанышат же болбосо сабак ала-ала таанышат",-деп айтты.

Ушундай чөйрөдө террорго чындап эле каршы тургандардын бизди колдоосун күтүүдөбүз деген Эрдоган: "Тилекке каршы акыркы 9 күндө өлкөбүздү абдан жаман каралоолор болду. Жүздөрүндөгү беткаптар түшкөн үчүн кимдин ким экенин көрдүк",-деди.

АКШ менен карым-катнаштарга токтолгон Эрдоган:"Бүгүн экинчи күн. Шейшемби түнү аяктайт.  Эки тарап тең өздөрүнчө коомдук пикирге маалымат берди. Биз эмне айтканыбызды жакшы билебиз. Болсо болду болбосо 120 сааттан кийин калган жерибизден улантабыз, террористтердин башын жанчууну улантабыз. Түркия башынан бери ортого салган шарттарынан кымындай дагы тайсалдаган жок",-деп айтты.

Кечээ АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдүм, 22-октябрда да теманы Орусиянын президенти Владимир Путинге түшүндүрөбүз деген Эрдоган: "Ал эми өлкөбүзгө берилген убадалар орундатылбаса мурдалары болгонундай күтүп отурбайбыз, операциябызбы калган жерден улантабыз",-деп айтты.


Этикеткалар: #Сирияда , #Эрдоган

Тектеш кабарлар