Элчи Кылыч: «ЙПГ/ПКК/ПЙД АКШнын досу эмес»

Түркиянын АКШдагы элчиси Сердар Кылыч, PBS каналынын программасына катышып суроолорго жооп берди.

1290246
Элчи Кылыч: «ЙПГ/ПКК/ПЙД АКШнын досу эмес»

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылыч, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК/ПЙДнин АКШнын досу эмес экенин, АКШнын колдоосун Сирияда марксисттик мамлекет түзүү үчүн колдонгон террордук уюм экенин белгиледи.

АКШнын PBS каналынын «News Hour» программасына катышкан элси Кылыч, Түркия менен АКШнын ортосунда Сириянын түндүгүнө байланыштуу түзүлгөн макулдашуу жөнүндөгү суроолорго жооп берди.

Элчи Кылыч бул макулдашуунун ок атышпоо режими эмес экенин, ок атышпоонун эки тараптын ортосунда болоорун жана аймактагы ЙПГ/ПКК/ПЙД террористтеринин аймактан чыгуусу үчүн операциянын токтотулгандыгын белгиледи.

Вашингтондо «Сириялык күрттөр» менен «ЙПГ/ПКК террористтеринин» ортосундагы айырманы элдер түшүнбөй жаткандарын айткан Кылыч, ЙПГ/ПКК/ПЙДнин аймакта жашаган баардык күрттөрдү өкүлдүк кылбаганын баса белгиледи.

Кылыч: «ЙПГ/ПКК/ПЙДнин бар болушу биз үчүн коркунуч болуп саналат. Сириянын түндүгүндөгү бул террордук уюмга каршы операцияларыбыз менен ДЕАШка каршы күрөшүбүз бири-биринен айырмаланган кадамдар эмес. Биз ПККнын айынан 40 миң адамыбызды жоготтук»,-деп айтты.   

АКШнын ДЕАШка каршы күрөшүү үчүн ЙПГ/ПКК/ПЙД менен кызматташтык түзүп туура эмес кылганын баса белгилеген Кылыч: «Бир террордук уюмга каршы башка террордук уюмду колдонуп ийгиликтүү операция жүргүзө албайсыңар»,-деди.

Кылыч: «ЙПГ/ПКК/ПЙД АКШнын досу эмес. Булар АКШнын колдоосун Сирияда марксисттик мамлекет түзүү үчүн колдонгон террордук уюм болуп саналат. Биздин болсо негизги максатыбыз Сириянын жеринин бүтүндүгүн жана саясий биримдүүлүгүн камсыздоо»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар