Президент Эрдоган Орусияга барат
Эрдоган Путиндин чакыруусу боюнча Орусияга сапар жасайт.
1289478
![Президент Эрдоган Орусияга барат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fbff/b100/45e3/5da80a653c99d.jpg?time=1718868399)
Президент Режеп Таййип Эрдоган 22-октябрда Орусияга бир күндүк иш сапары менен барат.
Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Сочи шаарына бара турган Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.
Эки лидер мурунку күнү кечинде телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүп, Путин Эрдоганды өлкөсүнө чакырган болчу.