"Тынчтык булагы" операциясы тууралуу семинар өттү

Семинарда операциясынын саясий, стратегиялык жана геополиткалык жактары менен бирге операциядан кийин коопсуз аймактын курулушу сыяктуу темалар каралды.

1289299
"Тынчтык булагы" операциясы тууралуу семинар өттү

 Президенттиктин коопсуздук жана тышкы саясаттар кеңешинин жол башчылыгында «Тынчтык булагы операциясы семинары» өткөрүлдү.

Президенттиктин катчылыгынан берилген маалыматка караганда Чанкая сарайында өткөрүлгөн семинарда «Тынчтык булагы»  операциясынын саясий, стратегиялык жана геополиткалык жактары менен бирге операциядан кийин коопсуз аймактын курулушу жана кагылышуудан кийинки тартипти түзүү сыяктуу темалар каралды.

Коопсуздук жана тышкы саясаттар кеңешинин башкы өкүлү Ибрахим Калындын жетекчилигинде өткөн семинарга кеңештин мүчөлөрү, тийиштүү расмий мекеменин өкүлдөрү, илимпоздор, ой мекемелеринин өкүлдөрү менен адистер катышты.

Түрк куралдуу күчтөрү Түркиянын түштүк чек арасында курулууга аракет кылынган террор коридорун жок кылуу, аймакка тынчтык жана бейкуттукту орнотуу максатында 9 -  октябрда «Тынчтык булагы» операциясын баштаган.



Тектеш кабарлар