«Тынчтык булагы» операциясында жок кылынган террорист саны 480ге жетти

Операция башталган 9-октябрдан бери 22 отурукташкан аймак террористтерден тазаланды.

1287149
«Тынчтык булагы» операциясында жок кылынган террорист саны 480ге жетти

Улуттук коргоо министрлиги «Тынчтык булагы» операциясынын алкагында жок кылынган ПКК/ПЙД-ЙПГ террордук уюумуна мүчө террорист саны 480ге жеткенин жарыялады.

Операция башталган 9-октябрдан бери 22 отурукташкан аймак террористтерден тазаланды.

Министрликтин Твиттер жарыясында, «Тынчтык булагы операциясынын алкагында түнү менен кургактык жана абадан коштолгон ок атуулар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен коштолгон операциялар ийгиликтүү уланды. Жок кылынган террорист саны 480ге жетти»,делди.

Операциянын алкагында Расулайн району кечээ көзөмөлгө алынды.

Ушул убакка дейре Тель-Абьяд аймагында 17 айыл, Расулайн аймагында шаардын борбору жана 4 айыл болуп бардыгы 22 отурукташкан жер террордук уюмдун элементтеринен тазаланды.

Түрк куралдуу күчтөрү 9-октябрда Сирияда Евфрат дарыясынын чыгыш жагында жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГга каршы «Тынчтык булагы» операциясын баштаган.



Тектеш кабарлар