БУУдан Түркияга ыракмат айтылды

Марк Лоукк Түркиянын колдоосу болбостон БУУнун жардамдарынын Идлибге жеткириле албай тургандыгын айтты.

1286941
БУУдан Түркияга ыракмат айтылды

БУУнун гуманитардык иштер боюнча башкы катчысынын орун басары  Марк Лоукк качкындар тууралуу аракеттеринен улам  Түркияга  ыракмат айтты.

Килисте качкындарга жардам берген жерлерди барып көргөн Марк Лоукк  Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси ТРТга маалымат берди.

«Түркия көп убакыттан бери абдан чоң адамзаттыкты көрсөтүп жерлеринен чыгарылган адамдардарга жардам берип жатат. Түрк калкына жана өкмөтүнө ыракмат айткым келет»,- деди Лоукк.

Түркиянын Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында ЙПГ- ПКК террордук уюмга карата баштаган Тынчтык булагы операциясында эл аралык келишимдерге баш ийүү кепилдигин бергендигин айткан Лоукк : «Жарандардын жана инфраструктурасынын коргоого алынышы үчүн чакырдык. Түркия менен байланыш ичиндебиз. Түркия ачык түрдө эл аралык келишимдерге баш ийерин билдирди»,- деди.

БУУнун башкы катчысынын орун басары Түркиянын Идлибдеги ыктымалдуу адамзаттык апаат тууралуу эскертүүлөргө да көңүлдөрдү бурду. Лоукк : «Эгерде Идлибде чоң кол салуу боло турган болсо 21- кылымдын эң чоң адамзаттык апааты болот. Түркия Идлиб тууралуу БУУга берген жардамдары менен үлгү катары көрсөтүлө турган бир өнөктөш», - деди.

Лоукк Түркиянын колдоосу болбостон БУУнун жардамдарынын Идлибге жеткириле албай тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар