Улуттук коргоо министри телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Франция, Британия жана АКШнын коргоо министрлери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1286181
Улуттук коргоо министри телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
yasar guler.jpg

Улуттук оргоо министри Хулуси Акар Франция, Британия жана АКШнын коргоо министрлери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министр Акар сүйлөшүүлөрүндө Түркиянын Сириянын түндүгүндө жүргүзгөн «Тынчтык булагы» операциясынын максатынын Евфраттын чыгышында тынчтык коридорун түзүү экендигин баса белгиледи. Акар Франциянын коргоо министри Флоренс Парли менен сүйлөшүүсүндө операциянын максатынын Түркиядагы сириялыктардын жерлерине, үйлөрүнө кайтуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзүү экендигин белгиледи.

Түркиянын террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшкөн бир гана НАТО жана коалиция өлкөсү экендигин, 3 миңден ашуун ДЕАШ террористти жок кылгандыгын эске салган Акар баш калкалоочу жерлер, буктурмалар, унаа жана каражаттардын бутага алынгандыгына көңүлдөрдү бурду.

Акар өзгөчө Түркия менен түрк улутунун коопсуздугуна эле эмес ошол эле учурда аймакта жашаган диний жана этникалык топтордун да коопсуздгуна чоң маани берилгендигин, жарандардын жана операция жүргүзүлгөн аймактагы тарыхый, маданий, диний курулуштар, инфраструктура менен аймакта болушу ыктымалдуу болгон дос жана союздаш өлкөлөрдүн жарандарынын, экологиянын зыян тартпашы үчүн бардык жоопкерчиликтерге көңүл бурулгандыгын айтты.

Хулуси Акар британиялык кесиптеши Бен Уоллес  жана АКШнын коргоо министри Марк Эспер менен сүйлөшүүсүндө да коргоо, коопсуздук жана коргоо өнөр жай темаларына байланыштуу пикир алышууларда болду. Акар өзгөчө Евфраттын чыгышында баштатылган «Тынчтык булагы» операциясынын максат жана жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Ошол эле учурда башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер да АКШлык кесиптеши, армиянын генералы Марк Милли менен Сириядагы абал жана Түркия менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты карап чыккан телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.



Тектеш кабарлар