Түрк эли аскерлерине дубалар менен колдоо көрсөттү
Түркияда баардык мечиттерде Фатх сүрөөсү окулду.
1285206
![Түрк эли аскерлерине дубалар менен колдоо көрсөттү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/35e6/37cb/76b7/5d9ecd74aa319.jpg?time=1718881420)
Түрк калкы аскерлерине дубалар менен да колдоо көрсөттү.
Түрк куралуу күчтөрүнүн Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышында «Тынчтыктын булагы» операциясын баштаганы боюнча Түркияда баардык мечиттерде Фатх сүрөөсү окулду.
Дин иштери башчысы Али Эрбаш, баш калаа Анкарада «Хажы Байрам» мечитинде Фатх сүрөөсүн окугандан кийин дуба кылды.
Стамбулдагы Чамлыжа мечитинде да Фатх сүрөөсү окулуп түрк аскерлеринин ийгилиги үчүн дуба кылынды.